• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москвада чет өлкөлүктөр менен жүргөн кыргыз кыздарын жазалоого чакырган жигиттер кармалды – ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Москва шаарында чет өлкөлүктөр менен жүргөн кыргыз кыздарын жазалоого чакырган жигиттер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда социалдык тармактарда Россияга иштегени барган Кыргызстандын жарандары чет өлкөлүктөр менен жолугуп жүргөн Москвадагы кыргыз кыздарын жазалоого чакырган видео кайрылуусу тараган. Аталган видео кайрылуу коомдук резонанс жараткан.

Укукка каршы аракеттерди болтурбоо максатында КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү чыр-чатактардын алдын алуу жана аны болтурбоо үчүн Россиянын Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлерине маалымдаган. Биргеликте көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө укукка каршы аракеттерге чакырган адамдардын өздүгү такталган.

Алар Чүй облусунун 28 жаштагы Б.Б., жана 24 жаштагы А.А., аттуу тургундары болуп чыкты. Аты аталган жарандар ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө чакыртылып, аларга алдын алуу-түшүндүрүү мүнөзүндөгү маектешүү жүргүзүлүп, такталбаган жана укукка каршы маалыматтарды таратууга кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгы боюнча эскертүүлөр берилген.

“Андан сырткары, 22-июль күнү КРнын элчилигинин имаратында Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен кыргыз диаспорасынын жетекчилиги менен жолугуп, мессенджер жана социалдык тармактар аркылуу мекендештер тарабынан улуттар аралык чыр-чатакты козутууга түрткөн, анын ичинде улуттук маселелерге тиешелүү укукка каршы аракеттерди болтурбоо боюнча маселелер талкууланды”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий