• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Москвада коопсуздук маселеси боюнча кыргыз-россиялык жумушчу консультациясы өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Москвада эл аралык жана регионалдык коопсуздук маселелери боюнча эки тараптуу кыргыз-россиялык жумушчу консультациясы өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Бул иш чара 2018-2019-жылдары Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин аппаратынын ортосунда кызматташуу Планын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп жатат.

Консультацияларда тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосунда аскердик жана аскердик-техникалык тармакта кызматташуунун абалы жана келечеги, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын жарандарын, айрыкча жаштарды эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдарга жалдоого каршы аракеттенүү практикасы тууралуу маселелерди талкуулашты.

Эки өлкөнүн Коопсуздук кеңештеринин катчылары Николай Патрушев менен Дамир Сагынбаевдин жолугушуусунда региондун коопсуздугун камсыз кылуу, трансулуттук мүнөздөгү коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча мындан ары аскердик-техникалык кызматташуунун башка аспектилери дагы талкууланды.

Белгилей кетсек, бул консультация бүгүнкүгө, 21-ноябрга болжолдонгон КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын алтынчы жолугушуусунун алдында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий