• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Москвада Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 19.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Иш-чара Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григоряндын төрагалыгы астында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары – финансы министри Антон Силуановдун, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Игорь Петришенконун, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Аскар Маминдин жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда өттү.

Кеңешмеде Евразиялык экономикалык биримдиктин санариптик күн тартибине, бажы кызматташтыгына, келечектеги интеграцияны тереңдетүүгө, ошондой эле эл аралык ишмердүүлүккө тийиштүү 24 маселе каралды.

ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык долбоорлор, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн жарандарын жумуштуулук менен камсыздоо үчүн санариптик экотутум моделин иштеп чыгуу, интеграциялык биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн бюджеттери аралык киргизүү бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүү ченемдери жана башка маселелер талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тараптар аркылуу Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин мындан аркы интеграциясына багытталган бир катар документтер жактырылды.

Пикир

Оставить комментарий