• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москвада Гүлнара Баатырова Роспотребнадзордун башчысы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Москва шаарында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова менен Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын жыргалчылыгын коргоо боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) башчысы Анна Попованын жолугушуусу өттү.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, жолугушуу бүгүн, 7-мартта өтүп, анда тараптар эпидемиологиялык жана санитардык коопсуздук жаатында эки тараптуу кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл, жугуштуу жана вирустук ооруларга каршы күрөшүү жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку динамикасын белгилешти.

Министр Баатырова россия тарапка калкты эмдөөнүн алкагында көрсөткөн туруктуу колдоосу жана жардамы, ПЧР-тест системалары түрүндө гуманитардык жардам, коронавирустук пандемиянын жайылышынын кесепеттерин жоюу боюнча көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Анна Поповага көп жылдык кызматташуусу жана Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий