• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Москвада тамак жеткирүү кызматында иштеген кыргызстандыкты өлтүрүп кетишти

Кырсык 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. Москванын Ясенево районунда үйгө тамак жеткирүү кызматында (курьер) иштеген кыргызстандыкты өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги укук коргоо органдарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, каза тапкан жаран Delivery Club мекемесинде эмгектенген.

"Delivery Club мекемесинде иштеген курьер Ясенево районунда белгисиз адам тарабынан бычакталган. Бычак жүрөккө тийгендиктен жабырлануучу ооруканада көз жумган. Шектүү изделүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Бычактан каза тапкан жаран Москвага Кыргызстандан барган 19 жаштагы жигит экендиги аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий