• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Москвада мамлекет аралык издөөдө жүргөн 8 кыргызстандык кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Москвада ар кандай кылмыштары үчүн мамлекет аралык издөөдө жүргөн кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, КРнын ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Орусиянын ИИМинин аймактык бөлүктөрү менен биргеликте Москва шаары боюнча бир катар издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Анын жүрүшүндө уурулук үчүн изделип жаткан 1999-жылы төрөлгөн өзгөндүк К.И. аттуу жаран, алдамчылык үчүн изделип жаткан 1990-жылы төрөлгөн А.у.Т аттуу сокулуктук жаран, ишенилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же жок кылуу беренеси боюнча изделип жаткан 1984-жылкы оштук О.К. аттуу жаран, атайылап ден соолукка зыян келтирүү беренеси боюнча изделип жаткан 1987-жылы төрөлгөн оштук А.А. аттуу жаран кармалган.

Ошондой эле оор кылмыштары үчүн изделип жаткан 1979-жылкы М.Н. (киши өлтүрүү), 1988-жылы төрөлгөн А.С. (зордуктоо), 1965-жылы төрөлгөн А.У. аттуу жаран (атайылап ден соолукка зыян келтирүү), 1985-жылкы Ж.А. аттуу жаран (алдын ала сүйлөшүлгөн адамдардын тобу менен тоноочулук) кармалган.

Учурда Минск конвенциясына ылайык, кармалгандарды экстрадациялоо боюнча маселе каралууда.

Пикир

Оставить комментарий