• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москвада канализацияда суу агызып кеткен кыргызстандыктардын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 08.08.22. /Кабар/. Прокуратура жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги РИА Новостинин журналисттерине Москвада жаан учурунда канализацияда оңдоо иштерин жүргүзүп жатканда жоголгон үч жумушчунун сөөгү табылганын билдиришти.

Москва прокуратурасынын басма сөз кызматынын жетекчиси Людмила Нефедова алгач бир адамдын, андан кийин дагы эки адамдын сөөгү табылганын маалымдады.

Алардын бири Тажикстандын жашоочусу, ал эми экөөсү Кыргызстандан экени белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий