• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москвада кардарынын капчыгын кайтарып берген кыргызстандык таксистке жаңы кызмат сунушташты

Коом 0

Бишкек. 20.11.18 /Кабар/. Москвада кардарынын капчыгын кайтарып берүү үчүн сегиз саат күткөн кыргызстандыкты "Ситимобил" такси агрегатору кызматка чакырды.

Компаниянын байланыш боюнча директору Георгий Лобушкин билдиргендей, ак ниет айдоочуга жумуш үчүн жада калса акысыз автоунаа да берилет.

Сервистин өкүлүнүн айтуусунда, таксисттен бир айдын ичинде эч кандай комиссия да алынбайт, - деп жазат life.ru.

Лобушкин түшүндүргөндөй, кыргызстандыктын аракети анын кесиптештерин шыктандырып, дагы бир ирэт кардарды жакшы тейлөө - бул такси айдоочусунун ишиндеги эң маанилүү нерсе экендигин тастыктады.

Чынчыл айдоосунун окуясы тууралуу кардар өзү айтып берген. Москва шаарынын жашоочусу Варя Борцова Фейсбуктагы баракчасына таңкы беште аэропорттон кайтып келгенин, аны үйүнө кыргызстандык таксист жеткиргенин жазды. Ал документ, акча жана кредиттик карталары салынган капчыгын таксиде унутуп калганын уктап тургандан кийин гана билген:

– Мен кредиттик карталарымды блоктоп, документтеримди калыбына келтирүү керектигин ойлонуп жатсам, атам терезени карап: “Сыртта таксинин жанында турган жигит кокустан сенин айдоочуң эмес беле?” деп калды. Мен көчөгө чуркап чыктым, ал чын эле дал ошол кыргызстандык таксист экен. Ал мени сураштырып сегиз саат көчөөдө жүрүптүр.

– “Кайда жүрдүңүз? Ушунча да уктоого болобу? Мен бул жерде тоңуп калдым” деди, Мен ыйлап жибердим, ал да ыйлады. Мен аны кучактадым. Бул кишинин чынчылдыгы мени таң калтырды. Кандай гана адам, - деп жазды Борцова.

Варя Борцова такситтин атын суроону унтуп калганын билдирди. Ал кыргызстандыкка ыраазычылык иретте баштагысынан беш эсе көп акча төлөп берген. Кийинчерээк такситтин аты-жөнү Кайрат Тентимишов экени белгилүү болду.

Борцова ММКларга берген интервьюсунда буга чейин Бишкекте болгонун, бул өлкөнү таануу үчүн дагы узак мөөнөткө келип кетүүнү каалай турганын айткан.

Пикир

Оставить комментарий