• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Москвада каза болгон кыргызстандык зордукталган эмес — элчилик

Коом 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Москва шаарында 36 жаштагы Кыргызстандын жаранынын зордуктоодон кийин каза болгондугу тууралуу массалык маалымат каражаттарына чыккан маалыматтарга байланыштуу Россиядагы кыргыз элчилиги Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү менен биргеликте аталган маалыматты тактоо иштерин жүргүздү.

КРнын РФдагы элчилигинен "Кабар" агенттигине билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгында 2022-жылдын 3-январында Ички иштер министрлигинин Москва шаарынын Кузьминки району боюнча бөлүмүнө зордуктоо тууралуу билдирүү түшкөнү аныкталган.

Кыргызстандын жараны мурун сыныгы, алкоголдук ичимдиктерди колдонгондон улам мас абалында деген диагноз менен Москва шаардык ооруканасынын реанимациясына жаткырылган. Ошондой эле соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында зордуктоо фактысы жокко чыгарылган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө полиция бөлүмүнө чогуу алкоголдук ичимдиктерди ичкен эки кыргызстандык жаран алып келинген.

Дарылоочу дарыгердин айтымында, 2022-жылдын 28-февралында КР жараны этанолго ууланып, пневмониядан улам реанимацияда каза болгон. Так себеби соттук-медициналык экспертизадан кийин аныкталат.

Буга байланыштуу элчилик Россиянын укук коргоо органдарына кайрылуу жолдоду.

Пикир

Оставить комментарий