• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Москвада коронавирус жуктуруп алган 5 бейтап каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Москвада коронавирус тастыкталган 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу шаардагы коронавирусту көзөмөлдөө боюнча ыкчам штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун баары кары-картаңдар жана алар башка оорудан да жапа чегип келген. Көз жумгандар 61 жаштан 74 жашка чейинкилер болгон. "Бейтаптандын төртөө жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган болчу. Ошондой эле үчөө кант диабети менен ооруп келген. Бир бейтапта онкологиялык оору бар болгон", - деп айтылат маалыматта.

Россияда коронавирус 2 миң 337 адамда катталды. Алардын 121и айыкты.

Пикир

Оставить комментарий