• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москвада коронавирусту жуктурган кемпир каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Москвада коронавирусту жуктурган кемпир каза болгонун ТАСС агенттиги жазат.

Шаардын оперативдүү штабынан билдиришкендей, буга чейин кемпир бир катар өнөкөт оорулары менен ооруп келген.

"79 жаштагы бейтап 13-мартта ооруканага жеткирилген. Туугандарынын сунушу менен ал 14-мартта жеке медициналык уюмдун дарылануусуна өткөн. Коронавирусту аныктоочу анализдеринде илдеттин белгилери катталгандыктан, кемпир №2 жугуштуу оорулар ооруканасына которулган. Ооруканада каза болгон бейтап бир катар өнөкөт ооруларынан жапа чегип келген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий