• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москвада КР ИИМнин Кубогу үчүн ачык турнир болуп өттү

Спорт 0


Бишкек 29.03.21. /Кабар/. 27-мартта Москва шаарында КР Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен "Спорт кылмыштуулукка каршы!" ураанынын алдында "AIKOL FC" ММА лигасы, КРИчки иштер министрлигинин Кубогу үчүн ачык турнир болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, турнирдин ачылышына Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кызматкерлери жана башка уюмдардын өкүлдөрү катышты. Спорттук турнирге Кыргызстандын, Россиянын, Өзбекстандын жана Тажикстандын спортсмендери катышып, жалпысынан ар кандай салмак категориялары боюнча 32 мелдеш өткөрүлдү.

Таймаштын жыйынтыгында командалык классификация боюнча биринчи орунду "Ак-Барс" спорт клубу, экинчи орунду "Зулпукар" спорт клубу жана үчүнчү орунду "Чуст Зокир Өзбекстан" спорт клубу ээледи.

Турнирдин максаты - жаш мекендештер арасында сергек жашоого чакыруу менен маалыматтык-тарбия иштерин жүргүзүү болуп эсептелет. Спорт жаштардын турмушунда сергек жашоо мумкүнчүлүгүн берет, ошондой эле алардын күнүмдүк кыйынчылыктарды жакшы көтөрүп кетүүсүнө жардам берет, ошол эле учурда аларды айлана-чөйрөнүн терс таасирлеринен жана мыйзамсыз иштерден алыс кылат.

Турнир эреже бузууларсыз өттү. КР Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарында иштеген мекендештерибиздин арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ар кандай спорттук турнирлерди мындан ары дагы өркүндөтүүгө ниеттенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий