• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Москвада КР жарандарынын массалык түрдө менингитке чалдыкканы ырасталган жок – элчилик

Коом 0

Бишкек. 01.12.22. /Кабар/. Москвадагы OZON компаниясынын кампасында иштеген Кыргызстандын жарандарынын массалык түрдө менингит оорусуна чалдыкканы ырасталган жок. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Роспотребнадзор жана Москва облусунун медициналык мекемелеринен алынган акыркы маалыматка ылайык, КРнын 8 жаранында менингит оорусу болушу мүмкүн деген шектенүү тастыкталган жок. Бейтаптарда курч респиратордук вирустук инфекциянын белгилери байкалган.

Мындан мурда Моквада жогорудагы компаниядагы иштеген 8 кыргызстандык менингит оорусуна чалдыгып, ооруканага түшкөндүгү тууралуу маалымат тараган

Пикир

Оставить комментарий