• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Москвада кран кулап, кыргыз жараны каза болду — элчилик

Кырсык 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Москва шаарында кран кулап түшүп, анын кесепетинен Кыргызстандын 1999-жылы туулган Р.у.Н. аттуу жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери окуя болгон жерге жөнөтүлдү.

Ошондой эле Кыргызстандын элчилиги Россиянын укук коргоо органдарына жана Москва шаарынын мамлекеттик эмгек инспекциясына Кыргызстандын жаранынын өлүмүнүн себептерин жана жагдайларын тактоо үчүн кайрылуу жолдоду.

Элчилик каза болгон жарандын сөөгүн мекенге кайтаруу маселесин иштеп чыгууда. Окуя элчиликтин көзөмөлүндө турат.

Пикир

Оставить комментарий