• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Москвада кудукта каза болгондордун экөө КР жараны - ТИМ

Кырсык 0

Бишкек, 23-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги канализациялык кудукта каза болгондордун экөө Кыргызстандын жараны экенин ырастады.

ТИМ басма сөз кызматы “Кабар” агенттигине алар Москвада иштеп жүрүшкөнүн билдирди. “Курман болгондордун ким экендиктери азырынча тактала элек”, - дешти басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, Москванын батышында канализациялык кудуктагы иштерди аткарууда 5 адам каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар метандан ууланышкан. Россиялык ЖМКлар Москванын ыкчам кызматтарына таянып, каза болгондордун экөө Кыргызстандын, экөө Украинанын жарандары жана бирөө россиялык экенин жазышууда.

Пикир

Оставить комментарий