• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москвада курулушта бир мигрант каза болуп, экөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 22.11.18 /Кабар/. Россиянын Москва шаарында “Саларьево” метросунун жанында курулуп жаткан имараттын бир чети урап, бир киши каза болуп, эки адам жабыркаган. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлайт.

Алдын ала маалыматка ылайык, жаңы соода борборун куруу иштери жүрүп жатканда түтүктөрдү кошууда суу менен камсыз кылуучу түтүктөр урап кеткен.

Каза болгон жана жабыркагандар КМШ өлкөлөрүнүн жарандары экендиги аныкталган.

Кырсык болгон жерге укук коргоо жана медициналык кызматкерлери келген.

Пикир

Оставить комментарий