• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москвада кыргыз диаспораларынын Бүткүл россиялык форуму өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 08.05.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 6-9-май күндөрү Москва шаарында кыргыз диаспораларынын Бүткүл россиялык форуму өтүп жатат. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аны Россиянын Москва шаары жана Москва облусу боюнча кыргыз диаспора кеңеши КРнын Россиядагы элчилигинин көмөгү менен уюштурууда.

Форумга КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы ыңгыз .Айдарбеков, Россиянын Мигранттар федерациясынын президенти В. Коженов, Россия Элдер Ассамблеясынын Аткаруу комитетинин төрагасы Н. Абдуганиев ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Ишкерлер кеңешинин жооптуу катчысы С. Михневич, КРнын Эмгек мигранттарына жардам берүү фондунун жетекчиси О. Жегунова, ошондой эле Россиянын 15тен ашык региондорундагы кыргыз диаспораларынын коомдук бирикмелеринин лидерлери жана активисттери катышууда.

Элчиликтин кеңешчиси - кичи элчиси А. Эркин форумдун катышуучуларына карата куттуктоо сөзүндө кыргыз диаспорасынын бардык өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө биздин жарандарга ар кандай кыйынчылыктарды жеңүүдө үзгүлтүксүз көрсөтүп жаткан жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

А. Эркин диаспоралык бирикмелердин лидерлеринин мекендештерибиздин арасындагы кадыр-баркын белгилеп, аларды жарандардын, өзгөчө жаштардын арасында Россия Федерациясынын мыйзамдарын жана эрежелерин сактоонун, карапайым кыргыз жумушчусунун имиджин көтөрүүдөгү ак ниет жана адал эмгектин зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүгө чакырды.

Ошондой эле ушул жылдын 6-7-майында форумдун алкагында элчиликтин консулу А. Букалаев жана КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин Россия Федерациясынын региондорундагы кыргыз диаспоралык бирикмелеринин жетекчилери жана активисттери менен өзүнчө жолугушуулары болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий