• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Москвада кыргыз маданият күндөрү өттү

Маданият 0

Бишкек, 28.09.17. /Кабар/. Москва шаарынын жанан Москва облусунун кыргыз диаспорасы кыргыз маданият күндөрүн белгилешти. Салтанаттуу иш-чара 23-сентябрда өткөн.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чара КР менен РФнын дипломатиялык алакаларынын түзүлгөндүгүнүн 25-жылдыгына арналган.

Кеченин уюштуруучулары тарабынан кыргыз диаспараларынын жана Москва шаарынын улуттук-маданий бирикмелеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын концерттик программа уюштурулган.

Көрүүчүлөрдүн алдында “Дияна” бий тобу, “Мирфаиза” Башкир бий тобу, “Кыз кыял”, “Жалын бий” жана улуттук музыкалык аспаптар жана аткаруучулар: Таалай Мамыров, Рахат Матишева, Руслан Абалкулов, Раимжан Курбанов, Гүлбара Батырбекова, Гүлипа Кармышакова, Мурат Дербишалиев, Закирова Дария, Матисак Токтосуновдор өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий