• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Москвада кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-кеңешмеси өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 14.04.22./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москва шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапарынын алкагында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-кеңешмесине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө тараптар ортосунда өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча кеңири сүйлөшүүлөр жүрдү, ошондой эле келечектеги өнүгүү жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү, өз ара түшүнүшүү жана ишеним маанайындагы натыйжалуу диалог түзүү пландары белгиленди.

Соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык, аймактар аралык кызматташуу маселелерине, ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга басым жасалды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясы өкмөттөр аралык өз ара аракеттешүүнү илгерилетүү жана активдештирүү үчүн гана аянтча болуп саналбастан, ошондой эле бизнес-байланыштарды орнотуу жана кеңейтүүгө да мүмкүндүк берет.

«Россия Федерациясы биз үчүн өнөр жай товарларын, отун-энергетикалык ресурстарды, медициналык, фармацевтикалык жана химиялык продукцияларды, жыгач материалдарын, машиналарды жана жабдууларды, ветеринардык дармектерди, ошондой эле жаңы технологияларды жеткирүү жаатында жагымдуу», - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Ал кошумчалагандай, кыргыз тарап россиялык тараптын Кыргыз Республикасы менен үзгүлтүксүз авиакаттамга чектөөлөрдү алып салуу тууралуу чечимин колдоого алат.

«Бүгүнкү кеңешме биздин мамилелерибизге жаңы дем берет жана Комиссиянын чечимдери эки элдин кызыкчылыгы үчүн конструктивдүү жана жаратман мүнөзгө ээ болот деп ишенем»,- деп жыйынтыктады Арзыбек Кожошев.

Пикир

Оставить комментарий