• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москвада кыргыз таксист жүргүнчү унутуп кеткен бир миллион рублду кайтарып берди – видео

Коом 0


Бишкек, 22.02.19 /Кабар/. Москвада таксист болуп иштеген кыргыз жаран автоунаанын салонуна бир миллион рубль калтырып кеткен кишиге акчасын жана документтерин кайтарып берди.

Акчаны Дагестандан келген аял унутуп калып, кыргызстандык Нурсултан Кайназаров кайтарып бергенине аябай сүйүнүп, анын апасына кайрылуу жөнөтүп, ыраазычылыгын билдирген.

– Сизге чоң рахмат, ушундай мыкты уулду чоңойтконуңузга, жакшы тарбия бергениңизге. Биз балаңыздын автоунаасына 1 миллион рублду, паспортту унутуп калыптырбыз. Сиздин балаңыз баарын толугу менен кайтарып берди. Бүгүн кайра бизди аэропортко алып бара жатат. Биз Махачкаладан болобуз, – деди акчанын ээси.

Окуя 20-февралга караган түнү болгон. Дагестандын тургуну "Домодедово" аэропортунан кыргыз таксисттин унаасына отурган. Көздөгөн жерине жеткенден кийин капчыгын машинада унутуп койгон.

Бирок бир нече убакыт өткөндөн кийин кыргызстандык жигит кардарын таап, анын акчасын кайтарып берген.

Эске салсак, буга чейин Москва иштеген кыргыз таксист капчыгын унаадан унутуп калган кардарын 8 саат күтүп, кайтарып берген.

Видеону Айпери Шамшиева аттуу жаран өзүнүн Facebook'дагы баракчасында бөлүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий