• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москвада кыргыз жана өзбек жарандары футболдук оюндан кийин массалык мушташ уюштурушкан (видео)

Укук тартиби 0


Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Москва шаарындагы массалык мушташ футболдук оюндан келип чыккандыгын Россиянын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жекшемби күнү "02" кызматына Ефремов көчөсүнүн тургундары чалып, массалык мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдирген. Окуяга катышкандар "Жилищник" ишканасында иштеген кыргыз жана өзбек жарандары болгону аныкталган.

Массалык мушташ футболдук оюндар келип чыкканын Baza Telegram каналы билдирет. Көчө шыпыргандар жумуштан кийин жолдоштук беттеш өткөргөн. Беттештен кийин адилетсиз оюн болду деп бири-бирин күнөөлөп чыгышкан. Мындан улам оюнчулар арасында массалык мушташ орун алган.

Укук коргоо органдары тарабынан 17 адам кармалган. Мушташтан кийин олуттуу жаракат алгандар болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий