• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москвада кыргыз жарандары оюнчук тапанча менен кытайларды коркутуп, тоноп кетишкен

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.11.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандын жараны Москвага иштегени келип, банда топтоп кытайларды тоной баштаган. Бул тууралуу “Юго-Восточный Курьер” маалымат порталы билдирет.

Маалым болгондой, кыргыз жараны былтыр Москвага иштегени келип, унаа жуучу жайга орношот. Жетекчилиги менен уруша кетип, жумуштан кетүүгө мажбур болот.

Порталдын маалыматы боюнча, мурдагы унаа жуугуч шаардагы мекендештерин чогултуп, топ түзгөн.

Маалым болгондой, топ биринчи жолу Марьинеде кол салып, оюнчук тапанчаны колдонушкан.

“Алар эки кытай соодагери бара жаткан лифттин бөлмөсүн токтотушкан. Жалпы суммасы 157 миң рублду түзгөн - уюлдук телефон, алтын, сумка жана курткаларын тоноп кетишкен. Кылмышка катышы барлар окуя болгон жерден из жашырып кетишкен”,-деп жазат “Юго-Восточный Курьер”.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин алар Вьетнамдын жаранын тоноону чечишет. Бейбаштар кайрадан эле лифтте бара жаткан жарандын уюлдук телефонун жана сумкасын уурдап кетишкен.

Кылмышка шектүү кыргыз жараны кармалган, бирок анын айтуусуна караганда, алар тоногон бюумдарды өз ара бөлүп алышкан.

Учурда аталган факты боюнча иликтөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий