• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Москвада кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды

Кырсык 0

Бишкек. 13.04.19 /Кабар/. Москва шаарынын түндүк-чыгыш жагында күч менен өлтүрүлгөн 29 жаштагы кыргыз жарандын денеси табылды. Бул тууралуу "Москва" басылмасы полициядагы булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка ылайык, маркумдун денесин Холмогорская көчөсүнө жакын жерде Ичка дарыянын жанында 11-апрель күнү табылган. Жанында документтери бар болчу.

Каза болгон 29-жаштагы жигит Кыргызстандын жараны, Москвада акыркы мезгилде эч жерде иштеген эмес.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий