• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москвада Кыргызстандын жаранынын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши козголду

Коом 0

Бишкек, 22.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москва шаарында зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн КР жараны боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

Элчиликтин маалыматына ылайык, өлтүрүлгөн КР жараны 1972-жылы туулган Б.У.У. Россияда такси кызматында иштеп жүргөн. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан бул кылмышка шектүү адам аныкталып, кармалды.

"Бул факты боюнча Москва шаарынын Кунцево райондор аралык Тергөө бөлүмү тарабынан РФ Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Аталган маселе элчиликтин көзөмөлүндө экени белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий