• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москвада Кыргызстан менен Азербайжандын ТИМ башчылары жолукту

Саясат 0

Бишкек, 03.04.21. /Кабар/. Кечээ, 2-апрелде КМШ тышкы иштер министрлеринин кеңешинин алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Азербайжан Республикасынын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде саясий байланыштар графигин, ошондой эле жогорку жана эң жогорку денгээлдерде өз ара иш сапарларды толугу менен талкуулашты.

Тараптар жакынкы аралыкта видеоконференцбайланыш форматында министрлердин орун басарларынын деңгээлиндеги биринчи министрликтер аралык консультацияларды уюштуруу жолу менен эки тышкы саясий ведомствонун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнү макулдашты.

Эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө, атап айтканда, социалдык-экономикалык чөйрөдөгү конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен өнүктүүрүгө ниеттерин ырасташты. Кыргызстан-Азербайжан достук сейил багынын жана Бишкек шаарындагы Г.Алиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин учурдагы абалына өзгөчө көңүл бурулду, алардын курулушу Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга боло турган расмий иш сапарына чейин аяктоо пландаштырылган.

Ошондой эле негизги эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча, өзгөчө Түрк кеңешинин линиясы боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий