• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москвада Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери жолукту

Саясат 0

Бишкек, 03.04.21. /Кабар/. Кечээ, 2-апрелде Москва шаарында өтүп жаткан КМШга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында, Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маектешүүнүн жүрүшүндө эки мамлекеттин тышкы саясий ведомстволорунун башчылары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Россияга болгон биринчи иш сапарынын жыйынтыгы боюнча эң жогорку деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты, эки тараптуу кызматташуунун эң маанилүү багыттары жана келечеги боюнча пикир алмашышты.

Аталган маселелердин тизмесине Россияда чыгарылган COVID-19га каршы вакцинаны Кыргызстанга жеткирүү, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы темир жол байланыштарын калыбына келтирүү, үзгүлтүксүз каттамдарды көбөйтүү, КР ИИМнин Россиядагы өкүлчүлүгүн уюштуруу, эки мамлекеттин өзгөчө кырдаалдар ведомстволорунун линиясы боюнча өз ара аракеттенүү жана эки тараптуу күн тартибинин башка актуалдуу темалары кирген.

Тараптар кыргыз-россия мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча иш алып барууга даяр экендерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий