• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москвада Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болуп өттү

Саясат 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрь күнү Москва шаарында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Айдарбеков коронавируска каршы күрөштө медициналык жабдык жана дары-дармек түрүндө көрсөткөн жардамы, россиялык дарыгерлерди жөнөткөнү үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирди.

"Министрлер кызматташуунун маанилүү багыттарын, анын ичинде аба каттамдарын жандандыруу, Кыргызстандын жарандарына, айрыкча Россияда билим алган кыргызстандык студенттерге Россиянын аймагына кирүүсүнө уруксат берүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуу учурунда белгиленген бардык иш-чараларды, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын алкагында белгиленген иш-чараларды ишке ашыруу маселелери каралды. Ошондой эле аймактык жана эл аралык саясаттагы маселелер боюнча пикир алмашуу болду", - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий