• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москвада Кыргызстан менен Швейцариянын элчилери кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 30-июнунда Москва шаарында Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Швейцариянын Россиядагы элчиси Кристина Марти Ланг менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, биргелешкен иш аракеттерди өркүндөтүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталган кыргыз-швейцар мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар келечекте кыргыз-швейцар кызматташтыгын чыңдоо үчүн байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө өз ара пикирлерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий