• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москвада Кыргызстан менен Тажикстандын элчилери кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 5-апрелинде Москва шаарында Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Тажикстандын РФдагы элчиси И. Сатторов менен жолугушту. Бул тууралуу Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда маданий-гуманитардык чөйрөдөгү биргелешкен ишмердүүлүктү өркүндөтүүгө, Россия Федерациясындагы эки өлкөнүн диаспораларынын ортосунда байланыштарды түзүүгө жана тажрыйба алмашууга, биргелешкен маданий жана спорттук иш-чараларды уюштурууга багытталган кыргыз-тажик мамилелеринин маселелери талкууланды.

Тараптар кыргыз жана тажик элдеринин ортосундагы болгон достукту чыңдоо үчүн байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө өз ара пикирлерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий