• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Москвада Кыргызстан менен Россиянын маданий мурастарын жайылтуу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Кечээ, 21-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат менен Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрагасынын орун басары Константин Косачевдин жолугушуусу болду. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун башында тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына, ошондой эле Нооруз майрамына байланыштуу куттуктоолору менен алмашышты.

Достук жана конструктивдүү баарлашуунун жүрүшүндө быйылкы жылы элчилик тарабынан демилгеленген эки мамлекеттин элдеринин маданий мурастарын жайылтууга жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө салым кошууга багытталган бир катар иш-чараларды ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле кыргыз-россия мамлекеттер аралык кызматташтыгын союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктүн духунда бекемдөөгө салым кошуп жаткан парламенттик дипломатиянын маанилүү ролу белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий