• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Москвада Кыргызстан жана Тажикстан ТИМ башчылары жолукту

Саясат 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Кечээ, 1-апрелде Москва шаарында КМШнын Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын өткөн жолугушуусу кыргыз-тажик өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы спектрин активдештирүү боюнча чараларды көрүүгө багытталган тараптардын ортосундагы диалогдун логикалык уландысы болду.

Жолугушуунун алкагында кыргыз-тажик мамилелеринин күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болду жана эӊ жогорку жана жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштурууну камтыган биргелешкен өз ара иш-аракеттерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги белгиленди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Казакбаев КР президенти Садыр Жапаров достук мамиледеги коңшулаш мамлекеттер, анын ичинде боордош Тажикстан менен көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоого жана андан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бура тургандыгын баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жолугушууларын улантуунун зарылдыгына басым жасалды. Аталган делегациялардын кийинки сүйлөшүүлөрүн жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасында өткөрүү пландаштырылууда.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны мыйзамдуу каттоонун аяктоосу эки өлкөнүн мамилелеринин бардык чөйрөлөрүндө оң таасирин тийгизет деген бирдиктүү пикирде болушту.

Ошондой эле эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин талкуусунун темасы болуп кыргыз-тажик соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери болду. Эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги 17-отурумун жакын арада өткөрүү максатка ылайыктуу экендиги белгиленди.

Тараптар өзгөчө чек ара аймактарында элдердин ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Маданий иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү тажрыйбасын жөнгө салуу, чек арага чектеш райондордо өткөрүлүүчү концерттерге жана фестивалдарга өз ара катышуу, анын ичинде билим берүү, спорт, туризм, этникалык азчылыктарды өз ара колдоо чөйрөсүндөгү кызматташууну активдештирүү тууралуу макулдашууга жетишилди.

Андан ары министр Казакбаев Тажикстандын укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүчү Лахш (мурунку Жергетал району) аймагында убактылуу же туруктуу жашаган Кыргызстандын жарандарынын документтерин күтүүсүздөн текшерүүлөр боюнча келип түшкөн маалыматтарга тынчсыздануусун билдирди.

Бул текшерүүлөрдүн натыйжасында кыргызстандыктарга тажик жарандыгын калыбына келтирүү же өлкөдөн чыгып кетүү талаптары коюлууда. Кыргыз тарабы кыргыз мекендештердин укуктук статусун бузуудан алыс болуп, бул ишти мындан ары Тажикстандын эмгек жана миграция мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүүнү өтүндү.

Пикир

Оставить комментарий