• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москвада кыргызстандык адам короо тазалагычтын өлүмүнө шектелүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 02.08.18. /Кабар/. Полиция Москванын Зеленоград кичирайонунда короо тазалагычты өлтүргөнгө шектүү адамды издөөдө. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 26-июль күнү таң эрте Зеленограддагы “Пятерочка” дүкөнүнүн алдында денесинде оор жаракаттары бар 42 жаштагы короо тазалагыч табылып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. 31-июлда ал каза болгон.

“Кылмышты жасаганга Москванын Красноармейская көчөсүндө жашаган 45 жаштагы кыргызстандык киши шектелүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Тергөөчүлөр бул окуя боюнча кылмыш ишин козгошкон.

Пикир

Оставить комментарий