• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москвада кыргызстандык эки мекендешин унаа менен коюп кетип, алардын бирөө каза болгон

Кырсык 0

Бишкек, 12.01.18 /Кабар/. Москвада Кыргызстандын жараны эки мекендешин унаа менен коюп кеткен. Алардын бири каза болуп калганын Россиядагы Кыргызстандын элчилиги билдирди.

Кыргызстандын жарандары болгон жөө жүргүнчүлөрдү 11-январда болжол менен түнкү 02:20 чамасында Бутырская көчөсүнөн сүзүп кеткен.

КИА-РИА унаасын (такси) 26 жаштагы Кыргызстандын жараны Б.у.А айдап бара жаткан.

Жабырлануучулардын бири Б.М.Рахманов Н.В. Склифосовский атындагы тез жардам институтуна жеткирилген. Алган жаракаттарынан 40 жаштагы О.С. көз жумган. Анын сөөгү травматология жана ортопедия институтунун өлүкканасына жеткирилген.

Учурда сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүгө жардам берүү үчүн каза болгон жарандын туугандары аныкталууда.

Жол кырсыгы боюнча Москва полициясы тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий