• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москвада кыргызстандык Tik Tok блогерге кол салуу болгон

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Москвада кыргызстандык Tik Tok блогерге мекендештери тарабынан кол салуу болгон.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 1991-жылы туулган Н.Д. аттуу КР жаранына каракчылык менен кол салуу фактысы тастыкталды.

Москва шаарынын милициясы Кыргызстандын үч жаранын кармады. Аларга РФ Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш (каракчылык) боюнча айып тагылган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий