• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москвада кыргызстандык жаран имараттан кулап, буттарын сындырып алган. Жардам керек

Коом 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Москвада иштеп жаткан кыргызстандык Керимбек уулу Чыңгыз курулуп жаткан имараттан кулап, эки бутун жана жамбашын сындырып алган. Бул тууралуу кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов фейсбуктагы баракчасына жазган.

Анын айтымында, ал Жуков шаарындагы ооруканада жатат. Ооруканадан тез арада операция жасоо керектигин айтышкан.

"Көп түкүрсө көл болот демекчи, мекендешибизге жардам берели. Сбербанк картасынын даректери: 4276 3801 7006 4930", - деп жазат ал.

Пикир

Оставить комментарий