• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москвада Кыргызстандык жаран төрт пенсионерди 1,5 млн. рублга алдап кеткен

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. Москва шаарынын Бутырский райондук соту төрт пенсионерди 1,5 млн. рублга алдап кеткен Кыргызстандык жарандын ишин карайт. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан кабарлашкан.

“Бутырский район аралык прокуратурасы 24 жаштагы Кыргызстандык жаранга карата чыгарылган өкүмдү тастыктады. Тергөө органдары тарабынан ал РФнын КЖКнин 159-б. 2-3- п. (Топ адамдар тарабынан алдамчылык кылуу. Жаранга ири суммадагы зыян келтирүү), беренелери боюнча айыпталууда", - деп айтылат маалыматта.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, 2018-жылдын ноябрь айында ал жарандарды алдоо максатында дагы бир адам менен сүйлөшкөн. Ал жаранга карата тергөө иштери өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

“Алардын бирөө улгайган адамдарга телефон чалып, алардын тууганы болуп өзүн тааныштырып, акча жактан жардам берүүнү суранган. Экинчи жаран таксист болуп өзүн тааныштырып, ал адамдардын үйүнө барып ошол акчаларды алып кетип турган. Жалпысынан төрт жаран 1,4 млн. рублга алданган. Айыпталуучу өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган”, - деп айтылат маалыматта.

Ал учурда камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий