• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Москвада кыргызстандыктар массалык мушташып, 19 жаштагы бала каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Москвада 13-сентябрда Кузьмин метросундагы "Макдональдс" тез татымынын имаратында кыргызстандык балдардын тобу массалык мушташа кетишкен.

КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуя болгондон кийин КРнын 1999-жылкы А.Ж., аттуу жараны ооруканага жеткирилген, бирок ал 14-октябрда каза болгон.

Маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн элчилик тарабынан бардык тиешелүү документтер даярдалды.

Москва шаарынын Кузьмин райондор аралык прокуратурасы маркумду бычактаган баланы кармаган, кылмыш иши козголду. Азыркы учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий