• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москвада кыргызстандыктар Ноорузга карата көк бөрү боюнча турнир өткөрүшөт

Спорт 0

Ош, 16.03.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Москвада кыргызстандыктар 21-мартта Ноорузга карата көк бөрү боюнча турнир өткөрүшөт. Ал үчүн Россиянын борборуна 30 жылкы алып келишкен.

Москва жана Москва облусундагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдиргендей, Нооруздун урматына Россияда жашаган кыргызстандыктар үчүн спорттук оюн боюнча иш-чара уюштуруу чечими кабыл алынган.

Иш-чаранын башкы максаты чет жакта жүргөн мекендештерди бириктирүү, биримдикке жана ынтымакка чакыруу.

Көк бөрү боюнча мелдеш Раменск районундагы ипподромдо болот. Ага 5 курама катышат. Маалымдалгандай, байге фонду жалпы 100 миң сомду түзөт.

Эске сала кетсек, февралдын ортосунда Москвага Кыргызстандан 18 жылкы, андан соң 12ни алып келишкен.

Пикир

Оставить комментарий