• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Москвада кыргызстандыктар тарабынан жасалган кылмыштардын көбөйүшү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. 27-июлда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде кыргызстандыктар тарабынан жасалган кылмыштардын көбөйүшүн талкуулаган жыйын болуп өттү.

Элчиликтен билдиришкендей, Россияда кыргызстандыктар тарабынан жасалган кылмыштуулуктун санын азайтууну шарттаган пикир алмашуу жана мындан аркы биргелешкен аракеттерди көрүү максатында жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Жыйынга ИИМдин өкүлдөрү катышып, кыргызстандыктардын Россияда мыйзамдуу иштөөсүнө тоскоолдук кылган негизги көйгөйлөр айтылды.

Пикир

Оставить комментарий