• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Москвада кыргызстандыктардын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиги жөнүндө тасма көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 11-май /Кабар/. 10-майда Москва улуттар үйүндө “Кыргызфильм”, киностудиясы тарабынан тартылган кыргызстандыктардын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдигине арналган “Биздин генерал” даректүү тасмасы жана “Эрте келген турналар” көркөм тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жалпы росссиялык “Кыргыз конгрессинин” басма сөз кызматы билдирди.

Тасманы көрүүгө жаштар, ошондой эле, согуштун ардагерлери жана Ленинград блокадачылары келишти. Даректүү тасма Кыргыз ССРинин И.В.Панфилов жетектеген 316-аткычтар дивизиясына арналган.

Иш чара Улуу Жеңишке салымын кошкондорго таазим кылуу жана жаш муунга совет элинин биримдигин жеткирүү, кыргызстандык жоокерлердин эрдигин даңазалоо болуп саналат.

Тасмалар Жалпы росссиялык “Кыргыз конгресси” тарабынан КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Кинематография департаменти менен биргеликте уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий