• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москвада кыргызстандыктын каракталышы. ИИМ окуянын чоо-жайын айтты

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Москвада кыргызстандыкка каракчылык менен кол салуу боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Москвада кыргызстандыктын 100 миң АКШ доллары тонолуп, ага карата эки жолу ок атылганы тууралуу жазып чыгышкан.

Алынган маалыматка караганда, 28-ноябрда “102” кызматына Москва шаарынын Литовский бульварында октон жарадар болгон жаран тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери саат 13:40тар чамасында кавказ улутундагы эки белгисиз адам тапанчага окшош буюм менен банктын филиалынын жанынан Кыргызстандын А.Т. аттуу жаранын коркутушуп, сумкага салынган 70 миң долларын тоноп кетишкенин аныкташкан.

Кыргызстандын жараны кол салгандардын артынан бара баштаганда, белгисиз адам аны

көздөй бир нече жолу ок чыгарган. Андан кийин алар унаага түшүп, белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен. Окуя болгон жерден болжол менен травматикалык куралдын үч гильзасы алынган.

Аталган факты боюнча Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин (“Каракчылык”) негизинде кылмыш иши козголгон.

Маалым болгондой, кылмыш иши боюнча жабырлануучу Жалал-Абад облусунда 1992-жылы туулган Т.А., анын Россияда аймагында убактылуу каттоосу жок.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө жана ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Ингушетия Республикасынын жараны кармалган. Учурда кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы тандалып, айыптоо маселеси чечилип жатат.

Бардык зарыл болгон ыкчам иликтөө иш-чаралары, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого жана кармоого багытталган иштер жүргүзүлүүдө. Кылмыш иши боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий