• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москвада "Караван Экспо" аталышындагы кыргыз товарларынын көргөзмөсү ачылды

Коом 0

Бишкек, 18.11.22. /Кабар/. Күн мурун, 17-ноябрда Москва шаарында "Караван Экспо" аталышындагы Кыргызстандын өндүрүшчүлөрүнүн жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Ачылыш аземине Кыргызстандын элчиси Гүлнара-Клара Самат катышып, ал өз сөзүндө Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп саналарына катышуучулардын көңүлүн буруп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин оң динамикасын канааттануу менен белгиледи (2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу товар жүгүртүү 35%га өстү).

Ачылыш аземге, ошондой эле ЕЭК министри Арзыбек Кожошев, Кыргызстандын КМШ Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айгүл Рыскулова, Кыргызстан жана Россиянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү, Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

"Караван Экспо" көргөзмөсү 2022-жылдын 17,18,19-ноябрында Москва шаарындагы Өкмөт үйүнүн имаратында өтүп, Кыргызстандан 40ка жакын компания, негизинен, Кыргызстандын тигүү жана текстиль тармагынын өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий