• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москвада манасчы Дөөлөт Сыдыковдун 6 күндүк “Манас” айтуусу аяктады

Маданият 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 6-сентябрда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде манасчы Дөөлөт Сыдыковдун «Манас» айтуусу аяктагандыгына байланыштуу салтанаттуу иш -чара болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Дөөлөт Сыдыков «Гиннестин рекорддор китебине» кирүү үчүн үстүбүздөгү жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейинки мезгилде алты күн бою «Манас» эпосун үзгүлтүксүз айтты.

Бул иш-чара КРнын РФдагы элчилигинин жана Россиядагы кыргыз диаспора уюмдарынын колдоосу менен Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого карата уюштурулду.

Белгилей кетсек, элчилик бул маанилүү миссияны ийгиликтүү аяктоо үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп берди. Ошондой эле манасчы Дөөлөт Сыдыковдун аткаруусунда «Манас» эпосун угууну каалаган бардык мекендештер элчиликтин имратына 6 күн бою ээн -эркин кире алышты.

Өз кезегинде манасчы Дөөлөт Сыдыков бул иш-чараны Москвада өткөрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн элчиликке жана уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчилик тарабынан Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин «Аймак таануу» жана «Саясат таануу» адистиги боюнча кыргыз, украин, казак тилдерин окуган 2-курстун студенттери үчүн «Манас» эпосун угуу, ошондой эле философия илимдеринин доктору, манасовед Жылдыз Орозбекованын эпостун пайда болуу тарыхы боюнча лекцияларды окуусу уюштурулду.

Ал эми «Гиннестин рекорддор китебине» кирүү маселеси керектүү материалдарды иштеп чыгуу стадиясында турат.

Пикир

Оставить комментарий