• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Москвада "Манастын уулу Семетей" көркөм тасмасы жабык көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 10.09.22. /Кабар/. 8-сентябрда Москвада Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин көмөгү менен "Манас" үчилтигинин негизинде тартылган "Тактынын мураскери. Манастын уулу Семетей" аттуу кыргыз фильминин жабык көрсөтүүсү болду.

Элчиликтен билдиргендей, фильмдин жабык көрсөтүүсүнө Москванын жана Москва облусунун бардык райондук, облустук жана шаардык кыргыз диаспораларынын аксакалдары, жетекчилери жана активисттери, борбордук ЖОЖдордун студенттери жана окутуучулары, ошондой эле кыргыз маданиятын жана улуттук каада-салттарын сактоо жана жайылтуу менен активдүү алектенген мекендештер чакырылды.

Тасманын продюсери жана сценаристи Өмүрзак Төлөбеков тасма көрсөтүлөөр алдында көрүүчүлөргө тасманын идеясы жана жаралуу процесси тууралуу кыскача айтып берди.

Көрсөтүү аяктагандан кийин пикир алмашуу болуп, келгендер жаңы кыргыз киносун көрүү мүмкүнчүлүгүн берген элчиликке ыраазычылыктарын билдиришти.

ЕЭК министри Максат Мамытканов жана Кыргызстандын КМШ Экономикалык кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.Рыскулова да ыраазычылык сөздөрүн айтып, кино жаратуучуларга мындан аркы ийгиликтерди каалашты.

Пикир

Оставить комментарий