• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москвада массалык мушташка катышкандыгы үчүн 20 жаштагы кыргыз жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Москвада массалык мушташка катышкандыгы үчүн Кыргызстандын жарандары жоопко тартылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлайт.

Дипөкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, 2022-жылдын 9-январында Москва шаарынын Таган районунда кыргызстандыктардын катышуусунда болгон массалык мушташтан улам ИИМдин Таган райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны кармалып жана эки жараны административдик жоопкерчиликке тартылган.

Элчиликтен тиешелүү суроо-талап Ички иштер министрлигинин Таган райондук бөлүмүнө жөнөтүлдү. Маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат.

Пикир

Оставить комментарий