• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Москвада мекендешин уурдап 250 миң рубль талап кылган 20-21 жаштагы эки кыргыз жараны кармалды (сүрөт)

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.10.17./Кабар/. Кечээ, 11-октябрда КРнын РФгы Элчилигине 1995-жылы туулган А.А., аттуу кыргыз жараны арыз менен кайрылып, анда жолдошу Э.Д. белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин жазган. Бул тууралуу КР ИИМнин РФгы атайын өкүлү Аскат Алиев билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 10-октябрда болуп, адам уурдаган балдар Э.Д. жакындарынан 250 миң рубль талап кылышкан.

“Арыз Москва полициясына катталып, иликтөө ишинин натыйжасында кылмышка шектүү катары Кыргызстандын эки жараны 1995-жылы туулган Т.Н. жана 1996-жылкы Г.К. аттуу эки жаран кармалган. Жабырлануучу Э.Д. айтуусу боюнча 10-октябрь күнү кечки саат 18:00 чамасында кыргыз улутундагы 3 бала өздөрүн кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары тааныштырып, күч колдонуп унаага салып кетишкен. Жабырлануучуну токойго алып барышып, 250 миң рубль сурашкан. Андан соң жабырлануучунун жакындарына телефон чалдырышып, акча которбосоңор өлүгүн аласыңар деп, 50 миң рубль эсеп карталарына котортуп алышкан”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмышка шектүү балдар кармалып, тергөө амалдары уланууда.

Сүрөттөгү кылмышка шектүү балдардан жабыркагандар болсо КР ИИМнин РФгы өкүлчүлүгүнө +7926 890-87-00 номери аркылуу чалып, кайрылсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий