• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москвада мекендештерин сүзүп кеткен кыргызстандык соо болгон

Кырсык 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Москванын түштүгүндөгү кафеде болгон чырдан соң тротуарда бир нече адамды сүзүп кеткен кыргызстандык айдоочу соо абалда болгон. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы инспекциясынан билдиришкен.

Volkswagen Polo үлгүсүндөгү автоунаа Новочеркасск бульварында жөө жүргүнчүлөрдүн тобун сүзгөн. Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, айдоочу Кыргызстандын жараны болгон. Окуя кафеде чыккан уруш-талаштан соң болгон. Айдоочу качпай, полицияга көрсөтмө берген.

“Медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча автоунаанын айдоочусу соо болгон”, - деп билдиришкен басма сөз кызматынан.

Учурда жабыркагандардын так саны белгисиз. Полицияга ооруканага жаткырылгандардын саны тууралуу маалымат келип түшө элек.

Аталган факт боюнча элчиликтин басма сөз кызматы окуя болгон жерде жана ооруканада элчиликтин, миграциянын жана КРнын Ички иштер министрилигинин өкүлчүлүктөрү иш алып барышууда.

Жалпысынан Аурадан 10 адам ооруканага жеткирилген. Алардын ысымдары белгилүү болду:

Абдурасулов С.А. – 21 жашта, Юдин ооруканасы;

Мерген Р.У. – 22 жашта, Юдин ооруканасы;

Женшибекова К. Ы. – 17 жашта, Бапдар хирургиясы жана травматология илимий-изилдөө институту;

Зулпиев Р. – 24 жашта, 13-оорукана;

Абдикарим У. – 20 жашта, 13-оорукана;

Арстанова Н. – 30 жашта, 15-оорукана.

Андан тышкары дагы эки белгисиз адамды Ф.И. Иноземцев атындагы шаардык клиникалык ооруканага жаткырышкан. Андан башка экөөнү Пригоровкага жөнөтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий