• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Москвада мекендештерине жасалма билеттерди саткан кыргызстандык кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Москвада кыргыз жарандарына жасалма авиабилеттерди саткан кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Ички иштер минитсрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин ЖМК булактарында кабарлангандай, бир нече кыргызстандык жарандар Москва – Бишкек каттамы боюнча учуп кете албай калышкан. Мунун себеби жасалма билеттер болгон.

2018-жылдын 30-декабрынан тарта КРнын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Бишкек - Москва, Москва - Ош каттамдары боюнча учуп кете албай калган жарандар кайрылышкан. Алданып, жасалма билеттерди сатып алган жарандардын саны 20дан ашкан.

КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан аталган тартип бузууга тиешеси бар адамдарды табуу максатында ыкчам-издөө иш-аракеттери жүргүзүлгөн.

Иштин чоо-жайын териштирип келгенде Москва - Бишкек - Москва, Москва - Ош - Москва каттамдары боюнча билеттерди жарандар Москва шаарынын Ордынка көчөсүндө жайгашкан имараттардын биринде “Рустам” аттуу жарандан сатып алгандыгы аныкталган. Билеттерди саткандан кийин бул адамдын изи сууган.

Изилдөөнүн жыйынтыгында жасалма билеттерди саткан жарандын өздүгү такталган. Ал 1995-жылы Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда туулган Р.Р. аттуу жаран экендиги аныкталган. Белгилүү болгондой ал 2018-жылдын сентябрь айынан тарта авиабилеттерди саткан компанияда субагент болуп иштеген.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал авиабилеттерди сатып, бирок аларды базага киргизген эмес. Ал билеттердин акчасын, тактап айтканда 700 миң рубль суммасындагы каражатты өзүнүн чөнтөгүнө салган.

Баардыгы болуп Москва шаарынын Замоскворечье району боюнча жасалма билеттерге байланыштуу 23 арыз түшкөн. Аталган факт боюнча РФ ККнин №23 -беренеси боюнча (Өз кызмат оордун колдонуу менен алдамчылык кылуу) кылмыш иши козголгон.

2019-жылдын 21-январында Кыргызстан менен Россиянын укук-коргоо органдарынын бирдиктүү ишинин жыйынтыгында Р.Р. аттуу жаран Москва облусунун аймагында кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Ушул сыяктуу алдамчылык фактылардын алдын алуу максатында кыргыз жарандары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий