• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москвада метродон кармалган 23 кыргызстандык бошотулду – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москвадагы "Нагатинская" жана "Новослободская" метро станцияларынын жанында Кыргыз Республикасынын 23 жараны кармалгандыгы жөнүндө маалымат берди, деп билдирет КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 14-августунда КРнын РФдагы элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн "Ыкчам линиясына" түшкөн "Нагатинская" жана "Новослободская" метро станцияларынын жанында КРнын 23 жараны кармалгандыгы жөнүндө маалыматка караганда, Консулдук бөлүмдүн кызматкерлери консулдук укуктук жардам көрсөтүү максатында Россиянын Москва шаарынын Ички иштер министрлигинин Түштүк административдик округунун Нагатинский Затон районунун Ички иштер башкармалыгына, ошондой эле Москва метросунун Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын 4-полиция бөлүмүнө барышты.

Сүйлөшүүдөрдүн жүрүшүндө КРнын жарандарына карата административдик укук бузуулар бар экени аныкталган. Консулдук кызматкерлердин өз ара аракети менен тиешелүү процедуралары аткарылып, административдик протоколдор түзүлгөндөн кийин, бардык жарандар бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий