• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Москвада метрого кулаган кыргызстандык өспүрүм каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Москвада метрого кулаган 16 жаштагы кыргызстандык өспүрүм ооруканада каза болгон. Бул тууралуу Улан Кошматов фейсбуктагы баракчасына жазган.

Ал жазгандай, өспүрүм Жалал-Абад облусунун Сузак районунан болот.

Ошондой эле ал тийиштүү кагаздарды топтоп, сөөктү мекенине жеткирүү боюнча иштер жүргүзүлөрүн жазып, мекендештерди жардам берүүгө чакырган.

Белгилей кетсек, 1-февралда жалпыга маалымдоо каражаттарында Москванын "Сходненская" метросунда кыргызстандык өспүрүм метрого кулап кеткени айтылып жаткан.

Пикир

Оставить комментарий